I'd like to take you to another world. And I'd like to share a 45 year-old love story with the poor, living on less than one dollar a day. I went to a very elitist, snobbish, expensive education in India, and that almost destroyed me. I was all set to be a diplomat, teacher, doctor -- all laid out. Then, I don't look it, but I was the Indian national squash champion for three years. (Laughter) The whole world was laid out for me. Everything was at my feet. I could do nothing wrong. And then I thought out of curiosity I'd like to go and live and work and just see what a village is like.
Мен сиздерди башка бир дүйнөгө алып барууну каалап турам. Жана дагы сиздерге 45 жылга созулган махабат окуясын бөлүшкүм келип турат. Окуя күнүмдүк жашоосуна 1 доллардан кем акча сарптап жашаган кедейлер менен болгон. Мен Индиядагы тандалгандардын, ак сөөктөрдүн окуу жайынан кымбат баалуу билимди алгам, бирок ал окуу жай мени бузуп коё жаздаган. Мен толук кандуу дипломат, мугалим, доктур болууга чамам жетмек. Кийин мен аны каалабадым, бирок мен индиялык теннис оюну боюнча үч жыл узагында улуттук чемпиону болгом. (Каткырык) Мен үчүн бүткүл дүйнө ачылган. Бардыгы менин кол астымда эле. Мен эч бир катачылык кетире алмак эмесмин. Бир күнү мен жеке кызыгуумдан улам Айылга барып, жашап, иштеп деги эле айыл деген эмне экенин көрүүнү кааладым.
So in 1965, I went to what was called the worst Bihar famine in India, and I saw starvation, death, people dying of hunger, for the first time. It changed my life. I came back home, told my mother, "I'd like to live and work in a village." Mother went into a coma. (Laughter) "What is this? The whole world is laid out for you, the best jobs are laid out for you, and you want to go and work in a village? I mean, is there something wrong with you?" I said, "No, I've got the best eduction. It made me think. And I wanted to give something back in my own way." "What do you want to do in a village? No job, no money, no security, no prospect." I said, "I want to live and dig wells for five years." "Dig wells for five years? You went to the most expensive school and college in India, and you want to dig wells for five years?" She didn't speak to me for a very long time, because she thought I'd let my family down.
Ошентип 1965-жылы, мен Индияда эң запкылуу, ачкачылыкка кабылган Бихар аймагына бардым, ачкачылык, өлүм азабынан кишилердин өлүп жатканын өмүрүмдө биринчи жолу көрдүм. Бул менин турмушумду өзгөрттү. Мен үйгө кайтып келип, апама "Мен айылда жашап жана эмгектенгим келет" дедим. Апам эс учун жоготуп койду. (Каткырык) "Бул эмне дегениң? Бүткүл дүйнө сен үчүн ачык, бардык жумуштар сага даяр, сен болсо айылда жашап жана эмгектенем дейсиң? Сенин эс акылың жайындабы деги?" Мен жооп кайтардым, "Жок, мен эң мыкты билим алдым. Ал билим мени ойлондурду. Мен мунун акыбетин кайтарып берүүнү каалайм, өзүмдүн колумдан келишинче". "Сен айылда эмне кылууну каалайсың? Жумуш жок, акча жок, кооптуу, келечексиз жашоо". "Айылда жаашагым келет жана беш жыл аралыгында кудук казгым келет" деп айткам. "Беш жыл кудук казасыңбы? Сен Индиянын эң кымбат мектеби жана колледжине барып, беш жыл кудук казгың келип турабы?" Апам мени менен көпкө сүйлөшпөй жүрдү, анткени ал мени үй-бүлөнүн аброюна шек келтирип жатат деп ойлогон.
But then, I was exposed to the most extraordinary knowledge and skills that very poor people have, which are never brought into the mainstream -- which is never identified, respected, applied on a large scale. And I thought I'd start a Barefoot College -- college only for the poor. What the poor thought was important would be reflected in the college. I went to this village for the first time. Elders came to me and said, "Are you running from the police?" I said, "No." (Laughter) "You failed in your exam?" I said, "No." "You didn't get a government job?" I said, "No." "What are you doing here? Why are you here? The education system in India makes you look at Paris and New Delhi and Zurich; what are you doing in this village? Is there something wrong with you you're not telling us?" I said, "No, I want to actually start a college only for the poor. What the poor thought was important would be reflected in the college."
Бирок кийин, мен, кедейлер ээ болгон сейрек кездешчү өзгөчө билим жана жөндөмдөргө туш болдум, булар эч качан маанилүү деп таанылып, өзгөчөлөнүп, урматталып, жана эч бир деңгээлде колдонулбаган. Ошондо мен Бэафуд Жыңайлактар Колледжин ачууну ойлодум -- ал окуу жай кедейлер үчүн гана колледж. Кедейлер маанилүү деген нерселер бул колледжде окутулмак. Мен бул айылга жаңыдан келгенимде. Аксакалдар мага келип, "Сен полициядан качып жүрөсүңбү?" деп сурашты. Мен "жок" деп жооп бердим. (Каткырык) "Сен экзаменден кулап калдыңбы?" Мен "жок" деп жооп бердим. "Сен бийликтен жумуш таппадыңбы?" Мен "жок" деп жооп бердим. "Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң анда? Эмне үчүн бул жакка келдиң? Индиядагы билим берүү системасы Париж, Нью Дели жана Цюрих сыяктуу жерлерди эңсеттирет; сен айылда эмне кылып жүрөсүң? Сенин бизге айтпаган бир көйгөйүң барбы?" "Жок, мен колледж ачууну каалайм" кедейлер үчүн гана, Кедейлер маанилүү деген нерселер колледжде окутулат", деп жооп бердим.
So the elders gave me some very sound and profound advice. They said, "Please, don't bring anyone with a degree and qualification into your college." So it's the only college in India where, if you should have a Ph.D. or a Master's, you are disqualified to come. You have to be a cop-out or a wash-out or a dropout to come to our college. You have to work with your hands. You have to have a dignity of labor. You have to show that you have a skill that you can offer to the community and provide a service to the community. So we started the Barefoot College, and we redefined professionalism.
Ошондо аксакалдар мага маңыздуу жана маанилүү кеңеш беришти. Алар, "Өтүнөбүз, колледжиңе кандайдыр бир билим даражадагы жана квалификацияга ээ болгон бирөөлөрдү алып келбе", дешти. Эми, бул Индиядагы жалгыз колледж, эгер сиз илим доктору же магистр даражасынын ээси болсоңуз сиз бул колледжде иштөөдөн четтеттилесиз. Сиз же окуй албай калган же окуудан чыгарылган шартта гана биздин колледжде иштөө үчүн келе аласыз. Сиз өз колуңуз менен иштешиңиз керек. Эмгекти сыйлооңуз шарт. Коомчулукка сунуштай алган кандайдыр бир жөндөмүңүз бар экендигин көрсөтүшүңүз керек жана коомчулукка кызмат өтөшүңүз абзел. Ошентип Жыңайлактар Колледжи ишке кирди, биз профессионализм түшүнүгүн кайрадан аныктап чыктык.
Who is a professional? A professional is someone who has a combination of competence, confidence and belief. A water diviner is a professional. A traditional midwife is a professional. A traditional bone setter is a professional. These are professionals all over the world. You find them in any inaccessible village around the world. And we thought that these people should come into the mainstream and show that the knowledge and skills that they have is universal. It needs to be used, needs to be applied, needs to be shown to the world outside -- that these knowledge and skills are relevant even today.
Профессионал деп кимди айтабыз? Профессионал деп өзүнүн бир шыгы, өзүнө болгон ишеними жана келечеке ишеничи болгон айкалыштыкты камтыган адам. Суу издегич адам бул профессионал. Элдик аначы бул профессионал. Элдик сөөк даарыкер бул профессионал. Булар дүйнө жүзү боюнча профессионалдар. Буларды дүйнө жүзүндөгү эң алыскы айылдардан дагы таба аласыздар. Мындай адамдар жалпы билим берүү системасына келип алар ээ болгон билим жана жөндөмдөрүн ааламдык экенин көрсөтүшү керек. Ал жөндөмдөр колдонулушу керек, иш жүзүндө пайдаланылышы керек алар сырткы дүйнөгө көрсөтүлүшү керек, бул билимдер жана жөндөмдөр бүгүн дагы талапка жооп берээри айкын.
So the college works following the lifestyle and workstyle of Mahatma Gandhi. You eat on the floor, you sleep on the floor, you work on the floor. There are no contracts, no written contracts. You can stay with me for 20 years, go tomorrow. And no one can get more than $100 a month. You come for the money, you don't come to Barefoot College. You come for the work and the challenge, you'll come to the Barefoot College. That is where we want you to try crazy ideas. Whatever idea you have, come and try it. It doesn't matter if you fail. Battered, bruised, you start again. It's the only college where the teacher is the learner and the learner is the teacher. And it's the only college where we don't give a certificate. You are certified by the community you serve. You don't need a paper to hang on the wall to show that you are an engineer.
Колледж Махатма Гандинин турмуш жана иш жолунун негизинде иштейт. Жерде олтуруп тамактанасыз, жерде жатып уктайсыз, жерде иштейсиз. Эч бир келишим жок, жазылган келишимдер жок. Сиз мени менен 20 жыл бою бирге болсоңуз болот, эртең кетсеңиз дагы болот. Жана дагы эч ким айына 100 доллардан ашык акча ала албайт. Эгер акча табууга кызыктар болсоңуз, анда Жыңайлактар колледжине келип убара болбоңуз. Сиз жумуш жана маселе чечүүнү кааласаңыз, анда Жыңайлактар Колледжине келиңиз. Ал жерде биз сизди аракет кылат жана жаңы ойлорду жаратат деп күтөбүз. Кандай гана оюңуз болбосун келип аракет кылыңыз. Эгерде ийгиликке жетпей калсаңыз эч нерсе эмес. Жыгылып, кооп олтуруп, сиз кайрадан иш баштайсыз. Бул жер мугалим окуучу ал эми окуучу мугалим болгон жалгыз колледж. Жана дагы эч бир күбөлүк бербеген жалгыз колледж. Күбөлүктү сиз кызмат кылган коомчулук берет. Тамдын бооруна илинчү сиздин инженер экениңизди күбөлөгөн кагаздын кереги жок.
So when I said that, they said, "Well show us what is possible. What are you doing? This is all mumbo-jumbo if you can't show it on the ground." So we built the first Barefoot College in 1986. It was built by 12 Barefoot architects who can't read and write, built on $1.50 a sq. ft. 150 people lived there, worked there. They got the Aga Khan Award for Architecture in 2002. But then they suspected, they thought there was an architect behind it. I said, "Yes, they made the blueprints, but the Barefoot architects actually constructed the college." We are the only ones who actually returned the award for $50,000, because they didn't believe us, and we thought that they were actually casting aspersions on the Barefoot architects of Tilonia.
Мына мен ушуларды айтканда, алар, "Эмне мүмкүн болоорун бизге көрсөтчү кана. Сен эмне кылып жатасың? Эгерде айткандарыңды тастыктай албасаң, анда ал куру сөз." Ошентип Жыңайлактар Колледжи курулду. 1986-жылы. Аны окуганды жана жазганды билбеген, 12 жыңайлак архитекторлор салышты. Бир квадрат метрин 1,5 долларга 150 киши ал жерде жашап дагы, иштеп дагы курушту. Алар 2002-жылы Архитектура боюнча ыйгарылган Ага Хан сыйлыгына арзышты. Ошондо алар күмөн санап, бул курулуштун артында архитектор турат дешти. Мен айттым, "Ооба, адистер кагаз бетинде долбоор даярдап беришти, бирок жыңайлак архитекторлор колледжди иш жүзүндө өзүлөрү курушту." Чындыгында, биз гана жалгыз 50,000 доллар өлчөмүндөгү сыйлыкты кайтарып бергендерденбиз, себеби алар бизге ишенген эмес, анан биз ойлонуп, алар биздин аброюбузга Тилониянын жыңайлак архитекторлоруна шек келтирип жатат дедик.
I asked a forester -- high-powered, paper-qualified expert -- I said, "What can you build in this place?" He had one look at the soil and said, "Forget it. No way. Not even worth it. No water, rocky soil." I was in a bit of a spot. And I said, "Okay, I'll go to the old man in village and say, 'What should I grow in this spot?'" He looked quietly at me and said, "You build this, you build this, you put this, and it'll work." This is what it looks like today.
Мен токойчуга суроо узаттым -- жогорку деңгээлдүү, күбөлүккө ээ экспертке -- Мен сурадым, "Бул жерге эмне кура аласың?" деп. Ал жерди бир карап туруп, "Бир нерсе курууну унут. Мүмкүн эмес. Аракет кылып дагы кереги жок. Суусу жок, таштак жер." Мен кысталган абалда болчумун. Анан мен айттым, "Болуптур, мен айылдын аксакалына барып "Мен бул жерге эмне өстүрсөм болот?" деген суроону берем. Ал мени унчукпастан карап, жооп узатты, "Муну кур, тигини кур, муну кош, анан бир нерсеге жетесиң" деп. Бүгүнкү күндөгү көрүнүш мына мындай.
Went to the roof, and all the women said, "Clear out. The men should clear out because we don't want to share this technology with the men. This is waterproofing the roof." (Laughter) It is a bit of jaggery, a bit of urens and a bit of other things I don't know. But it actually doesn't leak. Since 1986, it hasn't leaked. This technology, the women will not share with the men.
Чатырга чыксам, бардык аялдар, "Бул жерден кет. Эркектер бул жерден кетиши керек, себеби биз бул технологияны эркектер менен бөлүшкүбүз келбейт. Бул суу өтпөгөн чатыр" дешти. (Каткырык) Бул тазаланбаган пальма дарагынын шекери, бир аз заара жана дагы мен билбеген башка нерселер. Чынында чатыр суу өткөрбөйт. 1986-жылдан бери суу өткөргөнү жок. Бул технологияны аялдар эркектер менен бөлүшпөйт.
(Laughter)
(Каткырык)
It's the only college which is fully solar-electrified. All the power comes from the sun. 45 kilowatts of panels on the roof. And everything works off the sun for the next 25 years. So long as the sun shines, we'll have no problem with power. But the beauty is that is was installed by a priest, a Hindu priest, who's only done eight years of primary schooling -- never been to school, never been to college. He knows more about solar than anyone I know anywhere in the world guaranteed.
Бул жападан жалгыз колледж толугу менен күн энергиясы менен камсыз болгон. Бардык энергия күндөн алынат. 45 киловаттуу такталар чатырда орнотулган. Акыркы 25 жыл аралыгында бардыгы күндөн иштеп жатат. Күндүн нуру өчмөйүн бизде энергияга байланыштуу эч бир көйгөй болбойт. Эң керемет нерсеси бул мунун бардыгы Хинду абысы тарабынан орнотулганы, ал 8 жыл гана баштапкы мектепте билим алган -- орто мектепке барбаган, колледжди буту аттабаган. Күн энергиясы жөнүндө ал дүйнө жүзү боюнча эң мыкты билимдүү адам деп мен кепилдик берем.
Food, if you come to the Barefoot College, is solar cooked. But the people who fabricated that solar cooker are women, illiterate women, who actually fabricate the most sophisticated solar cooker. It's a parabolic Scheffler solar cooker. Unfortunately, they're almost half German, they're so precise. (Laughter) You'll never find Indian women so precise. Absolutely to the last inch, they can make that cooker. And we have 60 meals twice a day of solar cooking.
Тамак, эгерде Жыңайлактар Колледжине келсеңиздер, күндүн энергиясы менен бышырылган. Бирок ошол күн энергиясы менен иштеген мешти аялдар, сабатсыз аялдар, чынында эң мыкты күн мешин кургандар болуп саналат. Бул парабола Шефлер күн меши. Тилекке каршы, алар жарым-жартылай немецтер, алар абдан так. (Каткырык) Силер эч качан Индиянын аялдарындай тактыкты таба албайсыңар. Акыркы миллиметр карышына чейин, алар мешти жасай алышат. Күнүнө эки жолу күндүн энергиясы менен 60 тамак жасалат.
We have a dentist -- she's a grandmother, illiterate, who's a dentist. She actually looks after the teeth of 7,000 children. Barefoot technology: this was 1986 -- no engineer, no architect thought of it -- but we are collecting rainwater from the roofs. Very little water is wasted. All the roofs are connected underground to a 400,000 liter tank, and no water is wasted. If we have four years of drought, we still have water on the campus, because we collect rainwater.
Бизде тиш доктур бар -- ал байбиче, сабатсыз, ал тиш доктур. Ал чынында 7,000 баланын тиштерин карайт. Жыңайлак технологиясы: 1986-жыл -- бир дагы инженер, бир дагы архитектор ойлоп көрбөгөн -- чатырдан жаан суусун чогултууну, биз чогултабыз. Аз гана суу текке коройт. Бардык чатырлар жер астындагы 40,000 литрлик суу сактагычтарга туташтырылган, ошентип суу коробойт. Эгер 4 жылдык кургактыкка дуушар болсок, биздин кампус дале болсо суу менен камсыз болот, анткени биз жаандын суусун чогултабыз.
60 percent of children don't go to school, because they have to look after animals -- sheep, goats -- domestic chores. So we thought of starting a school at night for the children. Because the night schools of Tilonia, over 75,000 children have gone through these night schools. Because it's for the convenience of the child; it's not for the convenience of the teacher. And what do we teach in these schools? Democracy, citizenship, how you should measure your land, what you should do if you're arrested, what you should do if your animal is sick. This is what we teach in the night schools. But all the schools are solar-lit.
Балдардын 60 пайызы мектепке барбайт, себеби алар мал кайтарышы керек -- кой, эчкилер -- үй жумуштары -- Ошентип биз кечки мектеп ачууну ойлондук кечкисин балдарды окутуш үчүн. Тилониянын кечки мектеби ишке киргендиктен, 75,000ден ашуун балдар мектепте окушту. Анткени ал баланын ыңгайлуулугуна карата болгон чара; мугалимдикине эмес. Бул мектептерден биз эмнени окутабыз? Демократия, жарандуулук, жериңдин өлчөмүн кантип өлчөө керек, эгер камака алынсаң эмне кылуу керек, үй жаныбарларың ооруп калса эмне кылууң керек. Кечки мектептен мына ушуларды окутабыз. Бардык мектептер күн энергиясы менен жарыкка ээ.
Every five years we have an election. Between six to 14 year-old children participate in a democratic process, and they elect a prime minister. The prime minister is 12 years old. She looks after 20 goats in the morning, but she's prime minister in the evening. She has a cabinet, a minister of education, a minister for energy, a minister for health. And they actually monitor and supervise 150 schools for 7,000 children. She got the World's Children's Prize five years ago, and she went to Sweden. First time ever going out of her village. Never seen Sweden. Wasn't dazzled at all by what was happening. And the Queen of Sweden, who's there, turned to me and said, "Can you ask this child where she got her confidence from? She's only 12 years old, and she's not dazzled by anything." And the girl, who's on her left, turned to me and looked at the queen straight in the eye and said, "Please tell her I'm the prime minister."
Ар бир 5 жыл сайын шайлоо өткөрүп турабыз. Алты жаштан он төрт жашка чейинки балдар демократиялык процесске катыша алат, алар премьер-министрди шайлашат. Учурдагы премьер-министр 12 жашта. Ал күндүзү 20 эчкини кайтарат, кечкисин болсо премьер-министр. Анын министрлери бар, билим министри, энергия министри, саламаттык министри. Иш жүзүндө алар көзөмөл жана башкарууну 7000 бала окуган 150 мектептин үстүнөн өткөрүшөт. Премьер-министр кыз Дүйнөлүк Балдар Сыйлыгын 5 жыл мурун алган, Швецияга барган. Турмушунда биринчи жолу айылдан сыртка чыкканы. Швецияны эч качан көргөн эмес. Болуп жаткан нерселер аны тамшандырган эмес. Иш чарага катышып жаткан, Швециянын Канайымы, мага кайрылып, "Бул кыздан сурап бересизби өзүнө ишенүү сезимин кайдан алган? Ал болгону 12 жашта, бирок аны эч нерсе тамшандырбады, таңгалдырбады." Канайымдын сол тарабында турган ал кыз, канайымдын көзүнө тик карап жана мага кайрылып, "Бул кишиге кичи пейилдикке айтып коюңузчу, мен премьер-министрмин" деди.
(Laughter)
(Каткырык)
(Applause)
(Кол чабуулар)
Where the percentage of illiteracy is very high, we use puppetry. Puppets is the way we communicate. You have Jokhim Chacha who is 300 years old. He is my psychoanalyst. He is my teacher. He's my doctor. He's my lawyer. He's my donor. He actually raises money, solves my disputes. He solves my problems in the village. If there's tension in the village, if attendance at the schools goes down and there's a friction between the teacher and the parent, the puppet calls the teacher and the parent in front of the whole village and says, "Shake hands. The attendance must not drop." These puppets are made out of recycled World Bank reports.
Сабатсыздыктын пайыздык көрсөткүчтөрү жогору аймактарда биз куурчак театрын колдонобуз. Куурчак театры аркылуу биз баарлашабыз. Мына бул Жохим Чача ал 300 жашта. Ал менин психоаналитигим. Ал менин мугалимим. Ал менин доктурум. Ал менин жактоочум. Ал менин донорум. Ал чынында акча табат, менин талаштарымды чечет. Ал айылдагы көйгөйлөрүмдү чечет. Айылда кандайдыр бир талаш болсо, мектепке келгендердин саны азайса жана мугалим менен ата-энелер ортосунда тартышуу болсо, куурчак мугалим менен ата-энени айыл тургундарынын алдына чакырат жана "Кол алышкыла. Сабакка катыш азайбашы керек." дейт. Бул куурчактар Дүйнөлүк Банктын отчётторун кайрадан иштетүүдөн алынган кагаздан жасалган.
(Laughter)
(Каткырык)
(Applause)
(Кол чабуулар)
So this decentralized, demystified approach of solar-electrifying villages, we've covered all over India from Ladakh up to Bhutan -- all solar-electrified villages by people who have been trained. And we went to Ladakh, and we asked this woman -- this, at minus 40, you have to come out of the roof, because there's no place, it was all snowed up on both sides -- and we asked this woman, "What was the benefit you had from solar electricity?" And she thought for a minute and said, "It's the first time I can see my husband's face in winter."
Ошентип децентралдаштырылган, жеңилдетилген ыкмада айылдарды күн энергиясы менен камсыздоону бүткүл Индия боюнча таркаттык Ладахтан баштап Бутанга чейинки -- айылдар күн энергиясы менен камсыздалды окуудан өткөн адамдар тарабынан. Биз Ладахка барып, бир айымдан сурадык -- минус 40 сууктун күнү, силер чатырдан эшикке чыгууга мажбурсуңар, анткени чыгууга жол жок, бардык тарапты кар басып салган анан бул айымдан сурадык, "Күн энергиясынан тапкан пайдаңар кандай болду?" Ал 1 мүнөткө ойлонуп туруп, "Кыштын күнү жолдошумдун жүзүн биринчи жолу көрө алганым", деп жооп берди.
(Laughter)
(Каткырык)
Went to Afghanistan. One lesson we learned in India was men are untrainable. (Laughter) Men are restless, men are ambitious, men are compulsively mobile, and they all want a certificate. (Laughter) All across the globe, you have this tendency of men wanting a certificate. Why? Because they want to leave the village and go to a city, looking for a job. So we came up with a great solution: train grandmothers. What's the best way of communicating in the world today? Television? No. Telegraph? No. Telephone? No. Tell a woman.
Афганистанга бардык. Индиядан алган бир сабагыбыз эркектерди окутуу мүмкүн эмес эле. (Каткырык) Эркектер тынчтана албайт, эркектердин амбициясы жогору, эркектер токтогус кыймылдуу, жана дагы баары күбөлүк алгысы келет. (Каткырык) Бул дүйнө жүзү боюнча таркаган көрүнүш эркектер күбөлүк алууну каалашат. Эмне үчүн? Анткени алар айылдан кетип шаардан жумуш издешет. Биз укмуштуудай чечимге келдик: улгайып калган апаларды окутуу. Пикир алмашуунун эң мыкты ыкмасы бүгүн дүйнөдө кайсы? Сыналгы? Жок. Телеграф? Жок. Телефон? Жок. Аял кишиге кабар айтыңыз.
(Laughter)
(Каткырык)
(Applause)
(Кол чабуулар)
So we went to Afghanistan for the first time, and we picked three women and said, "We want to take them to India." They said, "Impossible. They don't even go out of their rooms, and you want to take them to India." I said, "I'll make a concession. I'll take the husbands along as well." So I took the husbands along. Of course, the women were much more intelligent than the men. In six months, how do we train these women? Sign language. You don't choose the written word. You don't choose the spoken word. You use sign language. And in six months they can become solar engineers. They go back and solar-electrify their own village.
Ошентип биз биринчи жолу Афганистанга бардык, биз үч аялды тандап айттык: "Биз буларды Индияга алып кетүүнү каалайбыз" деп. Алар "бул мүмкүн эмес. Алар жада калса бөлмөлөрүнөн чыкпайт, а силер аларды Индияга алып кетебиз дейсиңер" дешти. Анда мен "Эпке келем, алардын күйөөлөрүн дагы алып кетебиз" дедим. Ошентип күйөөлөрүн дагы кошо алып жөнөдүк. Албетте, аялдар эркектерге караганда кыйла акылдуу болушту. Алты ай ичинде, бул аялдар кандай өзгөрүштү? Жаңдоо тили. Силер жазма сөз тандабайсыздар. Силер оозеки сөз тандабайсыздар. Силер жаңдоо тилин колдоносуздар. Алты ай ичинде алар күн энергиясы боюнча инженер болушат. Алар кайтып барып өзүлөрүнүн айылдарын күн энергиясы менен камсыздайт.
This woman went back and solar-electrified the first village, set up a workshop -- the first village ever to be solar-electrified in Afghanistan [was] by the three women. This woman is an extraordinary grandmother. 55 years old, and she's solar-electrified 200 houses for me in Afghanistan. And they haven't collapsed. She actually went and spoke to an engineering department in Afghanistan and told the head of the department the difference between AC and DC. He didn't know. Those three women have trained 27 more women and solar-electrified 100 villages in Afghanistan.
Бул айым кайтып барып эң биринчи айылды күн энергиясы менен камсыздады, окутууну уюштуруп -- Афганистандагы эң биринчи айыл күн энергиясы менен камсыздандарылды ушул үч аял тарабынан. Бул айым өзгөчө байбиче. 55 жашта, Афганистанда 200 үйдү күн энергиясы менен камсыздады. Алардын иши ураган жок. Ал чынында Афганистандын инженерия бөлүмүнө барып бөлүм башчысына алмашып туруучу ток менен туруктуу токтун айырмасын түшүндүрдү. Ал муну билген эмес. Жанагы 3 аял 27 аялды окутушту жана Афганистандын 100 айылын күн энергиясы менен камсыздашты.
We went to Africa, and we did the same thing. All these women sitting at one table from eight, nine countries, all chatting to each other, not understanding a word, because they're all speaking a different language. But their body language is great. They're speaking to each other and actually becoming solar engineers. I went to Sierra Leone, and there was this minister driving down in the dead of night -- comes across this village. Comes back, goes into the village, says, "Well what's the story?" They said, "These two grandmothers ... " "Grandmothers?" The minister couldn't believe what was happening. "Where did they go?" "Went to India and back." Went straight to the president. He said, "Do you know there's a solar-electrified village in Sierra Leone?" He said, "No." Half the cabinet went to see the grandmothers the next day. "What's the story." So he summoned me and said, "Can you train me 150 grandmothers?" I said, "I can't, Mr. President. But they will. The grandmothers will." So he built me the first Barefoot training center in Sierra Leone. And 150 grandmothers have been trained in Sierra Leone.
Африкага барып, дал ушундай нерселерди жасадык. Столду тегеректеп отурган айымдар сегиз, тогуз мамлекеттен келген, бири-бири менен бир дагы сөз түшүнбөй туруп пикир алмашууда, ар кайсы тилде сүйлөгөндүктөн. Бирок алардын жаңдашып-ымдашып сүйлөшүүсү мыкты. Алар бири-бири менен сүйлөшүү аркылуу күн энергиясы боюнча инженер болуп жатышыт. Мен Сиерра Леонага барганда, түн ичинде бир министр унаасын айдап айыл жанынан өтүп бараткан болот. Айыл ичине кайрылып кирип, "Окуянын таржымалы кандай?" Алар, "Бул эки байбиче ..." "Байбичелер?" Министр укканына ишене албады. "Алар кайда барды?" "Индияга барып келишти." Президенттин өзүнө барып, министр, "Сиерра Леонада күн энергиясы менен камсыздалган айыл бар экенин билесизби?" Президент, "Жок" деп жооп берет. Байбичелер менен жолугушууга министрлердин көбү эртеси күнү жөнөшөт. "Мына ушундай окуя". Ал мени чакыртып алып, "150 байбичени окутуп бере аласызбы?" деп суроо узатты. Мен, "мырза Президент, мен окута албайм. Бирок байбичелер окута алат" дедим. Ошентип ал мага Сиерра Леонада биринчи Жыңайлактар окутуу борборун куруп берди. Сиерра Леонада ушинтип 150 байбиче окуудан өттү.
Gambia: we went to select a grandmother in Gambia. Went to this village. I knew which woman I would like to take. The community got together and said, "Take these two women." I said, "No, I want to take this woman." They said, "Why? She doesn't know the language. You don't know her." I said, "I like the body language. I like the way she speaks." "Difficult husband; not possible." Called the husband, the husband came, swaggering, politician, mobile in his hand. "Not possible." "Why not?" "The woman, look how beautiful she is." I said, "Yeah, she is very beautiful." "What happens if she runs off with an Indian man?" That was his biggest fear. I said, "She'll be happy. She'll ring you up on the mobile." She went like a grandmother and came back like a tiger. She walked out of the plane and spoke to the whole press as if she was a veteran. She handled the national press, and she was a star. And when I went back six months later, I said, "Where's your husband?" "Oh, somewhere. It doesn't matter." (Laughter) Success story.
Гамбия: Гамбияга байбиче тандоого бардык. Бул айылга бардык. Мен билгем кандай айымды тандоону. Коомчулук чогулуп, "Бул эки айымды алып кетиңиздер" деди. Мен, "жок, мен бул айымды алып кетем" дедим. Алар, "Эмнеге? Ал тил билбейт. Сиз аны тааныбайсыз" дешти. "Мага анын жаңдашуу тили жакты. Мага анын сүйлөгөнү жакты" дедим. "Жолдошу татаал киши, мүмкүн эмес." Жолдошун чакырттык, жолдошу - өпкөлөнгөн, саясатчы, колунда чөнтөк телефон кармаган - келип, "болбойт" деди. "Эмне үчүн болбойт?" "Карасаң, кандай сулуу аял." "Ооба, ал абдан сулуу" дедим. "Индиялык бир эркекке кетип калса, эмне кылам?" Анын корккону ошол болчу. "Ал бактылуу болот. Ал сага телефон чалып турат" дедим. Ал байбиче катары кетип жолборс болуп кайтты. Ал учактан түшүп пресса менен мурдатан бери сүйлөшүп жүргөнсүп сүйлөштү. Ал улуттук прессаны жайкап, жылдыз болгон. Алты айдан кийин барганымда, "жолдошуң кайда?" десем. "Жүрөт го бир жерде. Не мааниси бар" деп койду. (Каткырык) Ийгилик окуясы.
(Laughter)
(Каткырык)
(Applause)
(Кол чабуулар)
I'll just wind up by saying that I think you don't have to look for solutions outside. Look for solutions within. And listen to people. They have the solutions in front of you. They're all over the world. Don't even worry. Don't listen to the World Bank, listen to the people on the ground. They have all the solutions in the world.
Аяктаар алдында чечимди сырттан издөөнүн кажети жок дейм. Чечимдерди ич арадан издегиле. Маңдайыңардагы кишилерден кандай чечим болоорун уккула. Алар дүйнө жүзү боюнча бар. Кам санабаңыздар. Дүйнөлүк Банкты укпагыла, жергиликтүү кишилерди уккула. Дүйнө жүзү боюнча чечимдин ээлери ошол адамдар.
I'll end with a quotation by Mahatma Gandhi. "First they ignore you, then they laugh at you, then they fight you, and then you win."
Махатма Гандинин учкул кеби менен бүтүргүм келип турат. "Башында алар камаарабайт, анан шылдыңдайт, андан соң күрөшөт, акыры сиз жеңесиз."
Thank you.
Ыракмат.
(Applause)
(Кол чабуулар)