I'm here today to show my photographs of the Lakota. Many of you may have heard of the Lakota, or at least the larger group of tribes, called the Sioux. The Lakota are one of many tribes that were moved off their land to prisoner-of-war camps, now called reservations. The Pine Ridge Reservation, the subject of today's slide show, is located about 75 miles southeast of the Black Hills in South Dakota. It is sometimes referred to as Prisoner of War Camp Number 334, and it is where the Lakota now live. Now, if any of you have ever heard of AIM, the American Indian Movement, or of Russell Means, or Leonard Peltier, or of the standoff at Oglala, then you know Pine Ridge is ground zero for Native issues in the US.
Мен бүгүн бул жерде Лакота жергесинде тартылган сүрөттөрүмдү көрсөтмөкчүмүн. Көбүңүздөр Лакота тууралуу мурда уккансыздар, же жок дегенде андан чоңураак уруулар топтору жөнүндө мисалга, Сиу аттуу. Лакота уруусу башка бир топ уруулардай эле өз жерлеринен көчүрүлүп согуш абактарынын туткуну болуп калган андай жерлер азыркы мезгилде резервация-корук деп аталат. Pine Ridge (Пайн Ридж) аттуу резервациясы бүгүнкү алып баруумдун темасы болот. Бул резервация Түштүк Дакотанын Black Hills (Блэк Хилз) деген жеринен болжол менен 120 км чакырым алыстыгында жайгашкан. Ал жерди кээ бирде дагы 334 номериндеги Согуш Абагынын Туткуну деп аташат, жана ушул жерде азыркы убакта Лакота уруусу жашайт. Кана эмесе айткылачы, араңыздарда канчооңор AIM, башкача айтканда Америкалык Түпкүлүктүү Калктын Кыймылы тууралуу уктуңуздар эле же болбосо Russell Means (Рассел Минз) тууралуу, же Leonard Peltier (Леонард Пелтиер) жөнүндө, же Огалала уругунун бийликтегилер менен болгон тирешүүсүн билсеңиздер анда сиздер Пайн Ридж бул Америкадагы түпкүлүктүү элдин көйгөйлөрүн чечүү боюнча даана ортосу экендигин билесиздер.
So I've been asked to talk a little bit today about my relationship with the Lakota, and that's a very difficult one for me, because, if you haven't noticed from my skin color, I'm white, and that is a huge barrier on a Native reservation. You'll see a lot of people in my photographs today. I've become very close with them, and they've welcomed me like family. They've called me "brother" and "uncle," and invited me again and again over five years. But on Pine Ridge, I will always be what is called "wasichu." "Wasichu" is a Lakota word that means "non-Indian," but another version of this word means "the one who takes the best meat for himself." And that's what I want to focus on -- the one who takes the best part of the meat. It means "greedy."
Ошентип биздин бүгүнкү жолугушуубузда менден менин Лакота калкы менен болгон карым-катнашым тууралуу сүйлөп берүүнү суранышкан, а бирок чындыгында ушул жөнүндө сүйлөшүү мен үчүн абдан оор. Анткени, эгер сиздер менин денемдин түсүн байкабай калсаңыздар, анда караңыздар, мен ак кишимин, анан бул жагдай Түпкүлүктүү калк резервациясында абдан чоң тоскоолдук болуп эсептелет. Бүгүнкү менин сүрөттөрүмдө сиздер көп адамдарды көрөсүздөр, ал кишилер менен мен аябай жакын мамилелерди түздүм жана алар мени бир туугандай кылып эле тозуп алышты. Алар мени ага жана тайаке деп аташып беш жыл бою кайра кайра үйлөрүнө чыкырып жатышты. Бирок Пайн Риджде мен ар дайым "Уасишу" деген ысым менен кала берем, Уасишу Лакота тилиндеги сөз жана ал түпкүлүктүү калк эмес дегенди билдирет, Васишу деген сөздүн дагы бир котормосу "өзүнө эттин эң сонун бөлүгүн алган адамды" билгизет. Менин сөзүмдүн маңызы мына ушунда - эттин эң сонун бөлүгүн алган адамда болмокчу. Бул ач көздүктү билдирет.
So take a look around this auditorium today. We are at a private school in the American West, sitting in red velvet chairs with money in our pockets. And if we look at our lives, we have indeed taken the best part of the meat. So let's look today at a set of photographs of a people who lost so that we could gain, and know that when you see these people's faces, that these are not just images of the Lakota; they stand for all indigenous people.
Мына ушул аудиторияда олтургандарды карагылачы. Биз мына Батыш Америкадагы жеке университеттеринде окуйбуз, азыр олтурганыбыз болсо кызыл тукабадан жабылган олтургучтар чөнтөктөрүбүздө тыйыныбыз жетиштүү. Биздин жашоолорубузду карасаңыздар, биз чындыгында эле эттин эң сонун бөлүктөрүн алганбыз. Келгилечи бүгүн бул сүрөттөргө көңүл буралы көп нерселерге жетишсиз болгон адамдардын өмүрлөрүн көрөлү, аларды билели жана ал адамдардын беттерин көргөн сайын бул жалаң гана Лакота калкынын элестери эмес, бул баардык түпкүлүктүү калктын мүдөөсүн үчүн турган эл экендигин түшүнөлү.
On this piece of paper is the history the way I learned it from my Lakota friends and family. The following is a time line of treaties made, treaties broken and massacres disguised as battles. I'll begin in 1824. What is known as the Bureau of Indian Affairs was created within the War Department, setting an early tone of aggression in our dealings with the Native Americans.
Бул жөнөкөй кагаздын бетинде мен көргөн тарых барактары жана мен аны Лакота досторуман жана үй-бүлөмөн үйрөндүм. Бул тарых барактары сүйлөшүлгөн жана бузулган келишимдерге согуш деп көз боемочулук болгон кыргын болгон окуялар менен белгилүү. Мен 1824 жыл менен баштаймын. Түпкүлүктүү калк менен иштөө деп белгилүү болгон бөлүм Согуш Департаментинин карамагында ачылып, баскынчылыктын баштапкы деңгээлин Түпкүлүктүү калк менен боло турган кызматташтыкта белгилеп койгон.
1851: The first treaty of Fort Laramie was made, clearly marking the boundaries of the Lakota Nation. According to the treaty, those lands are a sovereign nation. If the boundaries of this treaty had held -- and there is a legal basis that they should -- then this is what the US would look like today. Ten years later. The Homestead Act, signed by President Lincoln, unleashed a flood of white settlers into Native lands.
1851 жыл: Форд Ларами биринчи келишимине кол коюлган, ал болсо Лакота Улутунун чек аралырын так белгилешкен. Келишимге ылайык, ошол жерлер эгемендүү улуттун жерлери деп эсептелет. Эгер келишимдеги чек аралар ошол бойдон калганда - жана ошол мыйзам негиздерине ылайык ошондой эле болушу абзел - анда бүгүнкү күндөрү Кошмо Штаттары мындай болмок. 10 жылдан кийин, Линкольн Президенти Homestead Act (Хоумстед Экт) аттуу мыйзамды чыгарат, ага ылайык Түпкүлүктүү калктын жерлерине көптөгөн ак кишилер отурукташат.
1863: An uprising of Santee Sioux in Minnesota ends with the hanging of 38 Sioux men, the largest mass execution in US history. The execution was ordered by President Lincoln, only two days after he signed the Emancipation Proclamation.
1863: Минесота жерлеринде Санти Сиу калкынын көтөрүлүшү 38 Сиу адамдарын асып өлтүрүү менен аяктап, Ошол мезгилдеги Кошмо Штаттарынын эң чоң жазалоолорунан болот. Бул жазалоо Линкольн Президентинин буйругу болгон да ал эми ага чейин эки күн мурун Линкольн укуктарды теңдетүүгө багытталган Emancipation Proclamation (Имансипейшн прокламейшн) аттуу мыйзамга кол койгон болчу.
1866: The beginning of the Transcontinental Railroad -- a new era. We appropriated land for trails and trains to shortcut through the heart of the Lakota Nation. The treaties were out the window. In response, three tribes led by the Lakota chief Red Cloud attacked and defeated the US army, many times over. I want to repeat that part: The Lakota defeat the US army.
1866 жылы трансматериктик темир жолун куруу - жаңы заманы башталат. Биз бул темир поездер үчүн жана ал жолдорду кыскартыш үчүн жергиликтүү Лакота калкынын жерлерин тартып алдык. Келишимдердин дээрлик баардыгы ыргытылган болчу. Ошондуктан Лакота калкынын үч уруулары чогулуп Кызыл Булут аттуу башчынын астында Кошмо Штаттардын аскер күчтөрүнө бир топ ирет чабуул жасап аларды утушат. Мен ушул жерди кайталагым келет. Лакота Кошмо Штат аскерлерин утат.
1868: The second Fort Laramie Treaty clearly guarantees the sovereignty of the Great Sioux Nation and the Lakotas' ownership of the sacred Black Hills. The government also promises land and hunting rights in the surrounding states. We promise that the Powder River country will henceforth be closed to all whites. The treaty seemed to be a complete victory for Red Cloud and the Sioux. In fact, this is the only war in American history in which the government negotiated a peace by conceding everything demanded by the enemy.
1868: Экинчи Форд Ларами келишими Улуу Сиу Улутунун эгемендүүлүгүнө даана кепилдик берет жана Лакота элинин Black Hills (Блэк Хилз) аттуу сыйык жерлерине ээ экендигин көрсөтөт. Жана ошондой эле Кошмо Штат өкмөтү Лакота элине алардын жанында жайгашкан штаттарындагы башка жерлер боюнча жана уучулук боюнча укуктарын берүүгө сөз берет. Биз мындан ары Powder River (Паудер Ривер) аймагы ак адамдардын баардыгына жабылат деген убада бердик. Ошентип бул келишим Кызыл Булут менен Сиу үчүн чоң утуш болду. Чындыгында, Американын тарыхына таянсак жергиликтүү Америка өкмөтү тарыхта бир гана жолу ушул согушта тынчтык сүйлөшүүлөрун жүргүзүп душмандын баардык талаптарына баш ийген.
1869: The Transcontinental Railroad was completed. It began carrying, among other things, large numbers of hunters, who began the wholesale killing of buffalo, eliminating a source of food, clothing and shelter for the Sioux.
1869: Трансматериктик темир жолунун салыныша аяктады. Бул жол менен ары бери көп нерселер ташылып, алар менен кошо көптөгөн аңчылар да жүргүнчү болушуп буфало, жапайы букаларга, аңчылык кылышып, букалар менен дүн сатуулук боюнча ишкердүүлүктү башташты, жана аны менен бирдикте Сиу элинин азык-түлүк жана кийим-кечелер булактарын жойушту.
1871: The Indian Appropriation Act makes all Indians wards of the federal government. In addition, the military issued orders forbidding western Indians from leaving reservations. All western Indians at that point in time were now prisoners of war. Also in 1871, we ended the time of treaty-making. The problem with treaties is they allow tribes to exist as sovereign nations, and we can't have that. We had plans.
1871: Түпкүлүктүү калк боюнча бөлүштүрүү актысы бүтүн түпкүлүктүү калкты федералдык өкмөткө көз карандуу болгон чөлкөмдөргө айландырды. Буга кошумча атайын аскердик буйрук чыгарылып батыштык түпкүлүктүү калк резервациялардан тышка чыкпоого тыйуу салынат. Бүтүндөй батыштык түпкүлүктүү калк ошол убакыттан баштап азыркы заманга чейин согуштун абактарында калуудо. 1871 жылы биз ошондой эле келишимдерди түзүү адатын токтоттук. Анткени келишимдер боюнча уруулар эгемендүү улут катары жашашмак, бирок биз болсо андайды каалабайт элек; бизде башкача көз караштар бар болчу.
1874: General George Custer announced the discovery of gold in Lakota territory, specifically the Black Hills. The news of gold creates a massive influx of white settlers into Lakota Nation. Custer recommends that Congress find a way to end the treaties with the Lakota as soon as possible.
1874: George Custer (Жорж Кастер) генералы Лакота жергесинде алтын кендери табылгандыгы тууралуу жарыя салып чыкты, ал кендер өзгөчө Black Hills (Блэк Хилз) жергесинде болгону айтылды. Алтындын бар экендиги Лакота улутунун айланасына ак адамдардын көптөгөн санда көчүп келүүсүнө алып келди. Кастер Конгресске атайын сунуш киргизет ага ылайык Лакота менен болгон келишим тез аранын ичинде токтотулуш кажети белгиленет.
1875: The Lakota war begins over the violation of the Fort Laramie Treaty. 1876: On July 26th, on its way to attack a Lakota village, Custer's 7th Cavalry was crushed at the battle of Little Big Horn. 1877: The great Lakota warrior and chief named Crazy Horse surrendered at Fort Robinson. He was later killed while in custody. 1877 is also the year we found a way to get around the Fort Laramie Treaties. A new agreement was presented to Sioux chiefs and their leading men, under a campaign known as "Sell or Starve" -- sign the paper, or no food for your tribe. Only 10 percent of the adult male population signed. The Fort Laramie Treaty called for at least three-quarters of the tribe to sign away land. That clause was obviously ignored.
1875: Лакота согушу башталат анын негизги себеби болуп Форт Ларами келишиминин бузулушу болот. 1876: Июль айынын 26сы Лакота кыштагын чалгындоо аракетинде Кастердин 7чи кавалерия бөлүгү талкаланат да бул кармаш Little Big Horn (литл биг хорн) - Кичинекей Чоң Мүйүз атына конот. 1877: Crazy Horse (крейзи хорз) аттуу Лакота элинин мыкты берени жана башчысы Форт Робинзон жергесинде курчалат. Кийинчерек ал түрмөдөн өлтүрүлөт. Ошол эле 1877 жылы биз дагы бир амал таап Форт Ларами келишдерин одоно буздук. Биз Сиу башчыларына жана аттуу-баштууларына жаңы келишим тартууладык ал келишим "сат же ачкалыкта кал" деген маанайда болгон. Келишимге кол коюуу же болбосо урууң азык-түлүксүз калат деген шарттар коюлат. Ал келишимдерге калктагы улуулардын 10 пайызы гана кол коет. Форт Ларами келишимине ылайык уруунун жок дегенде үчтөн же төрттөн бир бөлүгү жерлерди берүү үкугуна ээ болгон. Албетте келишимдеги бул берене жокко салынган.
1887: The Dawes Act. Communal ownership of reservation lands ends. Reservations are cut up into 160-acre sections, and distributed to individual Indians with the surplus disposed of. Tribes lost millions of acres. The American dream of individual land ownership turned out to be a very clever way to divide the reservation until nothing was left. The move destroyed the reservations, making it easier to further subdivide and to sell with every passing generation. Most of the surplus land and many of the plots within reservation boundaries are now in the hands of white ranchers. Once again, the fat of the land goes to wasichu.
1887: Dawes (Доуз) актысы. Резервациядагы жерлерге болгон коомдук менчиктик аяктайт. Резервациялар 160 акр өлчөмдөгү бөлүкчө жерлерине бөлүнүп түпкүлүктүү калкка бөлүштүрүлөт жана калган үлүш жерлердин баары жоюлат. Ошентип, уруулар миллиондогон акр өлчөмдөгү жерлерден ажырайт. Америкалык жерге болгон жеке менчик кыялдануу ушундай амал жолу аркылуу келип резервация жерлеринен эч нерсе калмайынча бөлүштүрүлө берген. Биринчиден, көчүп келүү резервацияларды талкалаган, жана аны андан ары бөлүштүрүп, майдалап сатуу муундан муунга улана берген. Көпчүлүк үлүш жерлер жана резервациялардын чегинде жайгашкан көптөгөн жеке жерлер азыркы убакта ак фермерлердин колунда. Кайрадан жакшы жерлерге Уасишу ээ болду.
1890: A date I believe to be the most important in this slide show. This is the year of the Wounded Knee Massacre. On December 29, US troops surrounded a Sioux encampment at Wounded Knee Creek, and massacred Chief Big Foot and 300 prisoners of war, using a new rapid-fire weapon that fired exploding shells, called a Hotchkiss gun. For this so-called "battle," 20 Congressional Medals of Honor for Valor were given to the 7th Cavalry. To this day, this is the most Medals of Honor ever awarded for a single battle. More Medals of Honor were given for the indiscriminate slaughter of women and children than for any battle in World War One, World War Two, Korea, Vietnam, Iraq or Afghanistan.
1890 жыл менин оюмча бул слайттардын арасында эң маанилүү күн. Бул жылы Wounded Knee (Вундид Нии) аттуу кандуу коогалаңы болгон. Декабрдын 29нда Америкалык аскерлер Вундид Нии булуңунда Сиу эли жайгашкан айылды курчоого алат жана Big Foot (Биг Фуд) аттуу эл башчысы менен бирдикте 300дөй жергиликтүү калкты аёсуз өлтүрүшөт, бул кандуу окуяда аскерлер жаңы куралды колдонушат ал автоматтык октор менен атылган Hotchkiss (Хотчкис) аттуу мылтыгы болгон. Бул салгылашуу деп аталган өлтүрүүлөр үчүн 20 Конгресстик эрдик үчүн медалдар 7чи кавалериянын жоокерлерине берилген. Бүгүнкү күндө, салгылашуулардын арасындагы эң жогорку дэңгээлде ыйгарылган бул медал чоң сыйлыктуу медал болуп эсептелет. Мына ушул медалдардын көпчүлүгү аялдар менен жаш балдарды ырайымсыз жок кылуу үчүн берилген мындай сыймыка жетүү Биринчи Дүйнөлүк согушта да, Экинчи Дүйнөлүк согушта да, Корея, Вьетнам, Ирак жана Афганистан согуштарында да болгон эмес.
The Wounded Knee Massacre is considered the end of the Indian wars. Whenever I visit the site of the mass grave at Wounded Knee, I see it not just as a grave for the Lakota or for the Sioux, but as a grave for all indigenous peoples. The holy man Black Elk, said, "I did not know then how much was ended. When I look back now from this high hill of my old age, I can still see the butchered women and children lying heaped and scattered all along the crooked gulch, as plain as when I saw them with eyes still young. And I can see that something else died there in the bloody mud and was buried in the blizzard. A people's dream died there. And it was a beautiful dream."
Вундид Нии кандуу коогалаңы түпкүлүктүү калктын согушунун аяктоосу деп эсептелет. Мен кайсыл гана жактагы Вундид Нииде каза тапкандардын жайларына барбайын, мен ал жайларды жалаң гана Лакота же Сиу элдердики эмес бирок баардык түпкүлүктүү элдердин жайларындай көрөм. Black Elk (Блэк Илк) аттуу ыйык киши айткан бир сөз бар, "Ошондо эмне жок болуп, түгөнгөндүгүн мен билбей калдым. Азыркы карыган жашымда артымды кылчайып караганымда Баягы өтүп кеткен аялдар менен жаш балдардын ар тарапта үйүлүп жаткан денелери кадимки эле ийилген капчыгайды бойлоп мен аларды көргөндө сайды көргөндөй болуп алардын жаш көздөрү элесимде. Ошол кандуу жерде дагы башка нерсе түбөлүко жок болгондугун көрөм ал ажал октору менен кошо жерге көмүлгөн. Ал адамдардын келечеке болгон тилектери жок болгон, жана ал тилектер аябай сонун болгон."
With this event, a new era in Native American history began. Everything can be measured before Wounded Knee and after, because it was in this moment, with the fingers on the triggers of the Hotchkiss guns, that the US government openly declared its position on Native rights. They were tired of treaties. They were tired of sacred hills. They were tired of ghost dances. And they were tired of all the inconveniences of the Sioux. So they brought out their cannons. "You want to be an Indian now?" they said, finger on the trigger.
Бүгүнкү күн менен Түпкүлүктүү Америка Элинин тарыхында жаңы доор пайда болду. Баардык нерселерди ченесе болот Вундид Нии окуясына чейин жана андан кийин. Анткени накта ошол учурда Хотчкисс мылтыктарын мээлеп туруп Америка өкмөтү түпкүлүктүү калктын укуктарына болгон көз карашын ачык көрсөткөн. Анткени алар келишимдерден чарчаган. Алар ыйык дөбөлөрдөн чарчаган. Алар арбак бийлеринен чарчаган. Иши кылса алар Сиу элинин келип чыккан баардык ыңгайсыздыктарга чарчаган. Ошондуктан алар түпкүлүктүү калкка өзүлөрүнүн эрежелерин алып келишкен. "Мындан ары силер Түпкүлүктүү калк - Indian (Индиан)" болосуңар деп, мылтыктары менен жергиликтүү калкты мээлеп маселени чечишкен.
1900: the US Indian population reached its low point -- less than 250,000, compared to an estimated eight million in 1492.
1900: Америкадагы Түпкүлүктүү калктын саны эң төмөнкү дэңгээлге жетти - 250,000 ден аз болду, салыштырып келгенде бул калк 1492 жылы 8 миллиондогон санды түзгөн.
Fast-forward. 1980: The longest-running court case in US history, the Sioux Nation versus the United States, was ruled upon by the US Supreme Court. The court determined that when the Sioux were resettled onto reservations and seven million acres of their land were opened up to prospectors and homesteaders, the terms of the second Fort Laramie Treaty had been violated. The court stated that the Black Hills were illegally taken, and that the initial offering price, plus interest, should be paid to the Sioux Nation. As payment for the Black Hills, the court awarded only 106 million dollars to the Sioux Nation. The Sioux refused the money with the rallying cry, "The Black Hills are not for sale."
Шумдук ылдамдыктагы көрсөткүч. 1980: Америка тарыхындагы эң чоң убакытка созулган сот Сиу улуту менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилени териштирип Американын Жогорку Соту тарабынан каралган. Соттун чечими боюнча, Сиу элин резервация жерлерине көчүрүү жана алардын жети миллион акр чакырымдагы жерлери жер изилдөөчүлөр жана отурукташа турган көчмөндөр үчүн берилгени Форд Ларами экинчи келишиминин шарттарынын одоно бузулгандыгы тууралуу тыянак чыгарган. Сотко ылайык Блэк Хилз жерлери мыйзамсыз түрдө тартылып алынган жана ал жерлердин алгачкы баасына пайыз кошулуп Сиу улутуна толук бойдон төлөнүшү керек деген тыянак чыгарылат. Блэк Хилз үчүн төлөнө турган акы катары Сот 106 миллион гана долларды Сиу улутуна берилсин деп чечим чыгарат. Сиу эли ал акчадан баш тартат жана "Блэк Хилз жерлери сатылбайт" деген ураан менен кала берет.
2010: Statistics about Native population today, more than a century after the massacre at Wounded Knee, reveal the legacy of colonization, forced migration and treaty violations. Unemployment on the Pine Ridge Indian Reservation fluctuates between 85 and 90 percent. The housing office is unable to build new structures, and existing structures are falling apart. Many are homeless, and those with homes are packed into rotting buildings with up to five families. Thirty-nine percent of homes on Pine Ridge have no electricity. At least 60 percent of the homes on the reservation are infested with black mold. More than 90 percent of the population lives below the federal poverty line. The tuberculosis rate on Pine Ridge is approximately eight times higher than the US national average. The infant mortality rate is the highest on this continent, and is about three times higher than the US national average. Cervical cancer is five times higher than the US national average. The school dropout rate is up to 70 percent. Teacher turnover is eight times higher than the US national average. Frequently, grandparents are raising their grandchildren because parents, due to alcoholism, domestic violence and general apathy, cannot raise them. Fifty percent of the population over the age of 40 suffers from diabetes. The life expectancy for men is between 46 and 48 years old -- roughly the same as in Afghanistan and Somalia.
2010: Бүгүнкү күндөгү Түпкүлүктүү калктын статистикасы, Вундид Нии коогалаңынан бир кылым убакыттан кийин, колониялык мурастын ачыка чыгышы, зомбулуктап элди көчүрүү жана келишимдердин одоно бузулган окуяларга бай болду. Пайн Ридж Түпкүлүктүү калктын резервациясындагы жумушсуздук 85 жана 90 пайыз ортосунда белгиленет. Америкадагы үй-жай менен камсыз кылуу кызматы жаңы үйлөрдү сала албайт, ал эми азыркы турган турак жайлар акырындан кыйрап жатышат. Көпчүлүк эл үй-жайсыз, ал эми үйлөрү барлар чирип бара жаткан имараттарда беш үй-бүлөөгө чейин жашашат. Пайн Ридждеги 39 пайыз үйлөрүндө свет жок. Резервациядагы дээрлик 60 пайыз үйлөр көк дат менен капталган. Калктын 90 пайыздан көбү федералдык дэңгээлдеги жакырчылыктан төмөн жашашат. Пайн Ридждеги туберкулез оорусунун дэңгээли болжол менен алганда Америкадагы орточу эсептен сегиз эсе көп. Жаш балдардын өлүм дэңгээли дүйнө жүзү боюнча эң жогору жана Америкадагы орто эсептен үч эсе жогору турат. Жыныстык органдардын шишик оорулары Америкадагы орто эсептен беш эсе чоң. Мектептердеги окууларды таштоо дэңгээли 70 пайызга чейин көтөрүлдү. Мугалимдердин жумуштарынан кетиши дэңгээли Америкадагы орто эсептен сегиз эсе чоң. Көпчүлүк учурларда балдар чоң-ата жана чоң-энелердин колунда чоңоюшат анткени ата-энелер, аракчылыктын айынан, зордук зомбулук жана негизинен көңүлдөрү жоктугунан балдарына тарбия берип чоңойта алышпайт. 40 жаштан жогору калктын 50 пайызы диабет оорусуна чалдыгышкан. Эркектердин жашоо узактыгы 46 жаш менен 48 жаштардын ортосу - жана бул көрсөткүч Афганистан жана Сомалия өлкөлөрүндөй.
The last chapter in any successful genocide is the one in which the oppressor can remove their hands and say, "My god -- what are these people doing to themselves? They're killing each other. They're killing themselves while we watch them die." This is how we came to own these United States. This is the legacy of Manifest Destiny. Prisoners are still born into prisoner of war camps, long after the guards are gone. These are the bones left after the best meat has been taken.
Тукум курут кылуудагы акыркы кадамдын бири баскын тарабынан мындайча сүрөттөлөт, "Жараткан, бул адамдар өзүлөрүнө эмне кылып жатышат? Алар бири бирин өлтүрүп жатышат. Алар өзүлөрүн өлтүрүп жатышат биз болсо ошонун баарын карап турабыз." Бул биздин Америка Кошмо Штаттарын кандайча ээлеп алганыбызды сүрөттөйт. Маңдайга жазылган тагдырдын түйшүгү. Абактагы адамдар дагы эле бул согуш абагында төрөлүшөт ал эми сакчылар болсо эчак кетишкен. Шилинген сөөктөрдүн калдыгы калган бул жерде жиликтин ырас жактары желгенден кийин.
A long time ago, a series of events was set in motion by a people who look like me, by wasichu, eager to take the land and the water and the gold in the hills. Those events led to a domino effect that has yet to end.
Көп замандар мурун, бир топ окуялардын себеби мага окшогон адамдардан, уасишу тарабынан келип чыккан, алардын кызыкканы жергиликтүү калктын жериндеги жер менен суу жана алтын болгон. Ошол окуялардын уландысы бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек.
As removed as we, the dominant society, may feel from a massacre in 1890, or a series of broken treaties 150 years ago, I still have to ask you the question: How should you feel about the statistics of today? What is the connection between these images of suffering and the history that I just read to you? And how much of this history do you need to own, even? Is any of this your responsibility today? I have been told that there must be something we can do. There must be some call to action. Because for so long, I've been standing on the sidelines, content to be a witness, just taking photographs. Because the solutions seem so far in the past, I needed nothing short of a time machine to access them.
Ал окуяларга тиешебиз жок болгонубуз менен азыркы басымдуулук кылып турган коомчулук катары 1890 жылкы коогалаңы, же болбосо 150 жыл мурунку келишимдердин бир нече ирет бузулганы, сиздер үчүн төмөнкү суроолорду туудурбай койбойт, жогоруда айтылган статистикалар боюнча кандай оюңар бар? Бүгүнкү күндөрдү чагылдырган бул сүрөттөрдөгү элдин эзилгендиги менен азыркы айтылган тарыхтын кандай байланышы бар? Бул тарыхтын канчалык өлчөмүн бул биздин тарых деп моюнуңуздарга алаласыздар? Бул айтылган тарыхта сиздин канчалык жоопкерчилигиңиз бар? Бир нерсе кылса болот, абалды оңдосо болот деген ойлор мага бир нече жолу айтылган. Мен да ойлойм абалды оңдош заман келди деп. Анткени мен көп убакыт бою көргөнүмө күбө болуп эле, көргөнүмдү сүрөттөргө тартып эле жүрдүм. Анткени бир чечимге келүү өткөн заманда калып калгандай сезилет. Мага ал заманга барууга замандан заманга көчүп жүрүү машинасы эле керек болуп калды.
The suffering of indigenous peoples is not a simple issue to fix. It's not something everyone can get behind the way they get behind helping Haiti, or ending AIDS, or fighting a famine. The "fix," as it's called, may be much more difficult for the dominant society than, say, a $50 check or a church trip to paint some graffiti-covered houses, or a suburban family donating a box of clothes they don't even want anymore. So where does that leave us? Shrugging our shoulders in the dark?
Түпкүлүктүү калктын кыйналганын чечүү оңой иштерден эмес. Андай иш кадимки эле Хаити элине жардам берүү же, СПИД оорусунун бүтүшүнө, же ачкачылык менен күрөшүү сыяктуу гана эмес. Ал маселени чечүү, басымдуулук кылып турган коомчулук үчүн жөнөкөй эле 50 доллардык чекти берип коюуу эмес же чиркөө жардамы аркылуу барып үйлөрдү графити краскасы менен боёп кетүү эмес, же кембагал үй-бүлөөдөн келип берилген андан ары кийилбей кала турган кийимдерди берип коюуу эмес. Биз эми кайсы жака бара жатабыз? Караңгыда айла таппай калгандай олтура береликби?
The United States continues on a daily basis to violate the terms of the 1851 and 1868 Fort Laramie Treaties with the Lakota. The call to action I offer today -- my TED wish -- is this: Honor the treaties. Give back the Black Hills. It's not your business what they do with them.
Америка Кошмо Штаттары күн сайын одоно түрдө 1851 жана 1868 жылдардагы Лакота менен болгон Форд Ларами келишимдерин бузуп келүүдө. Бүгүнкү чакырыгым - менин TED деги тилегим аркылуу айтылат: Келишимди сыйлагыла. Блэк Хилз жерлерин кайра кайтып бергиле. Ал жерлерди эмне кыла тургандыгы Түпкүлүктүү калктын өзүнүн иши.
(Applause)
(Кол чабуулар)